Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Коалицияны кеңейтүү тууралуу фракциялар жыйынга чогулат


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн коалициялык көпчүлүктү түзгөн үч фракция жана ага кирүүнү каалаган “Ар-намыстын” он депутаты менен сүйлөшүлөр өтөрүн “Азаттыкка” билдирди. 15-апрелде он “арнамысчы” Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалдан улам парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалицияга кире тургандыгын билдирген. Андан көп узабай шериктеш КСДП менен “Республика” фракциялары коалициялык келишимдеги парламенттик көпчүлүктүн кеңейишин чектеген милдеттемеден баш тартканын жарыялаган. “Ата-Журт” азырынча бул тууралуу өз позициясын расмий жарыялай элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG