Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:38

Перси булуңундагы өлкөлөр “Иран ички ишибизге кийлигишпесин” дешти


Кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлеринин Эр-Риядда өткөн жыйынында дүйнөлүк коомчулук жана Бириккен улуттар уюму Тегерандын аракеттерин токтотуш үчүн “чара көрүшү керек” деп айтылды. Кеңештин ишениминде, Иран бул региондогулардын “ортосуна жик салып, бузукулук” иштерди жасап жатат. Сауд Арапстан Бахрейнге аскерлерин жибергенине нааразы болгон демонстранттар Тегеранда бул өлкөнүн элчилигине чабуул коюшкан эле. Кечээ Сауд Арапстан “эгер биздин дипломаттардын коопсуздугу камсыз кылынбаса, аларды чакыртып алабыз” деп билдирди. Перси булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтыгы кеңешине региондогу Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Сауд Арапстан жана Бириккен Арап Эмираттары кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG