Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

“Ар-намыс”: 10 депутаттын коалицияга кириши укуктук күчкө ээ эмес


Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясы бүгүн тараткан билдирүүдө “10 депутаттын фракциядан чыкпай туруп коалицияга кириши юридикалык күчкө ээ эмес жана акыл-эске сыйбаган иш” – деп жазылат. Ошондой эле бийликчил коалицияда болуп туруп, ошол эле убакта ага карата расмий оппозицияда болуу мүмкүн эместиги айтылат. Билдирүүдө “Ар-намыстан” айрым депутаттар коалициянын демилгеси менен ар кандай сүйлөшүүлөргө чакырылып, 14-апрелде Фелекс Кулов иш сапарда жүргөн маалда премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугушканы белгиленген. Ошондой эле бул жолугушуулар кызматташуу жана биригүү мүмкүнчүлүгү максатында болгону айтылат.

“Жолугушууда депутаттар өз лидерин сатпастыгын, фракциядан чыкпай турганын жана Атамбаевдин жактоочулары саясий маданиятты сактап, башка депутаттар жана «Ар-намыстын» жетекчилигине карата терс сөздөрдү айтпай турушун суранышкан. Ошондой эле алардын билдирүүсүн бир аз убакытка чейин жарыялабай туруу өтүнүчү да айтылган”, - деп жазылат билдирүүдө.

15-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы “Ар-намыс” фракциясынын 10 депутаты парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Биримдик жана өнүгүү” коалициясына кошулуу тууралуу катын премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жөнөтүшкөнүн маалымдаган. “Ар-намыс” фракциясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө 10 депутаттын коалицияга кошулуусу өкмөт үчүн татаал саясий кризис убагында аларды моралдык жактан колдоо аракети деп гана бааланары белгиленеген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG