Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:48

Таласта акимди кетирүү талабы айтылууда


Талас районунун акими Руслан Атыхановду кызматтан кетсин деген 150дөй адам бүгүн акимчилик алдына митингге чыкты. Маалыматка ылайык, акимчиликтин билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Тынара Назаралиева 7-апрелден кийин кызматтан алынып, ордуна Нурбек Момбеков иштеп келген. Эки жолу соттон утуп алган Назаралиева министрликтин токтому менен кызматка кайра алынып, бирок акимчиликтин айрым кызматкерлери аны жумуш ордуна киргизбей коюшкан. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, митингге чыккандар бул ишке акимдин катыштыгы бар экенин айтышууда. Чогулгандарга акимдин орун басары Барак Сейдибалиев чыгып, алардын талабын жеткирүүгө убада кылды. Ал эми аким эс алууда экени айтылып, андан коментарий алуу мүмкүн болгон жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG