Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Бишкекте инновациялык билим берүүнүн келечеги талкууланат


Бишкекте “Инновациялык билим берүү: абалы жана келечеги” деген аталыштагы IV илимий симпозиум өтөт. Симпозиум негизинен беш тармакта иш алып барат. Анда инновациялык билим берүү: максаты, мазмуну жана технологиясы, жаңыча педагогикалык талаптар, окутуу-тарбиялоонун жаңыча технологиялары, билим берүүдөгү башкаруу жана финансы менеджменти, билимди баалоо: мектептик, улуттук жана эл аралык контексти боюнча талкуулар өткөрүлмөкчү. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 200дөн ашуун баяндама келип түшкөн. Алардын 60тайы тандалып алынмакчы. Симпозиум “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду жана Билим берүү, илим министрлигинин демилгелери менен ушул жылдын 20-апрелинде өтөт. Ага президентик администрация башчысы Эмил Каптагаев баш болгон бир катар мамлекетитк кызматкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Ыйык Ата-Журт” фондунан билдиришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG