Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

19-апрелде айрым жерлерде жаан жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 2 …7, күндүз 16…21 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градус болмокчу.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10 градус жылуу, күндүз 23…25 градус жылуу болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG