Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Майдан тарта айрым социалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйөт


Премьер-министр Алмазбек Атамабев калкты социалдык жактан коргоо системасында иштеген айрым кызматкерлердин айлыгын көтөрүү боюнча токтомго кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1-майдан тартып интернат, майыптар жана карылар үйлөрүнүн, балдар жана чоңдор үчүн психонервологиялык үйлөрүнүн кызматкерлеринин базалык айлыгы көбөйөт. Эгер ушул тапта социалдык кызматкер 3180 сом алып аткан болсо, майдан баштап алардын айлыгы 6200 сом болот. Ал эми интернат үйлөрдө 3300 сом алып иштегендердин айлыгы 9200 сомго чейин көбөйөт. Ар бир кызматкердин айлык акысы анын иштеген убактысына (стаж) жана жасаган ишине жараша кошулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG