Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Отунбаева: Коалиция ыдырашы жаңы шайлоого алып келиши мүмкүн


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева “Франция - Борбордук Азия” достук тобунун төрагасы Андрэ Дюле жетектеген Франциянын сенатынын делегациясы менен жолугушкан учурда билдирди. Мамлекет башчы Сенаттын делегациясынын өкүлдөрү менен өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык, чек араларды бекемдөө, Борбордук Азия альянсынын алкагында өнөктөштүктү кеңейтүү, гидроэнергетикалык потенциалды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга токтолгон президент: “Биз саясий мүнөздөгү турбуленттик процесстер менен татаалданган жолду басып өтүүдөбүз. Коалициянын ыдырашы жаңы парламенттик шайлоолорго алып келиши мүмкүн, ал эми азыркы шартта бул максатка ылайык эмес. Алдыда боло турган президенттик шайлоодо ар бир саясатчы саясий дымагын ишке ашырса болот”, - деп билдирди.

Сенатор Андрэ Дюлэ Францияда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы эки өлкө ортосундагы байланышты бекемдей турганын кошумчалады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG