Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Апрель-июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссия майда жыйынтык чыгарат


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жогорку Кеңештин депутаты, комиссиянын жетекчисиинин орун басары Жылдыз Жолдошева билдирди. Анын айтымында, иликтөөнүн ар бир этабында жаңы фактылар чыгууда. Ошол себептүү жыйынтык чыгаруу мөөнөтү кечеңдөөдө.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2010-жылдын июнь айындагы улут аралык жаңжалда 439дөн ашуун киши курман болуп, эки миңден ашуун адам жараат алган. Апрель-июнь окуяларын иликтөөчү депутаттык комиссия 2011-жылдын январь айында түзүлгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG