Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Жеффри Мутай марафондук жарышта койгон рекорд таанылбады


18-апрелде АКШнын Бостон шаарында болгон марафондук жарышта кениялык жөө күлүк Жеффри Мутай 42, 2 чакырымды 2 саат 3 мүнөт 2 секундда чуркады. Бул марафондук жарыштын тарыхындагы рекордук убакыт. Бирок Мутай жаңы рекорд койду деп саналбайт. Анткени, мелдешти уюштуруучулардын билдиришинче, Бостондо жөө күлүктөр чуркачу жолдун бир бөлүгү дөңдөн ылдый өтөт. Ошондуктан, 2008-жылы Берлин марафонунда Хайли Гебреселасси койгон дүйнөлүк рекорд өзгөрүүсүз кала берет. Үч жыл мурда эфиопиялык спортсмен 42,2 чакырымды 2 саат 3 мүнөт 59 секундда багындырган. Бостондогу марафондук жарыш 1997-жылдан бери өткөрүлүп, жөө күлүктөрдүн жыл сайын өткөрүлчү эң эски жарышы саналат.

XS
SM
MD
LG