Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Абы ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 20-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 4 …9, күндүз 13…18 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус болмокчу.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 градус жылуу, күндүз 20…22 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG