Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Сириянын Хомс шаарынын аянты демонстранттардын колунда


Сириянын Хомс шаарындагы "Саат" аянтына чогулгандар демократиялык реформаларды талап кылышты. 2011-жылдын 18-апрели. REUTERS.
Сириянын Хомс шаарындагы "Саат" аянтына чогулгандар демократиялык реформаларды талап кылышты. 2011-жылдын 18-апрели. REUTERS.

Демонстранттар Хомс шаарынын борбордук аянтына жыйылып, саясий реформаларды талап кылышууда. Бүгүн (19-апрелде) Сирияда узак жылдардан бери күчүндө болуп келген чукул кырдаал алынып салынганы ырасмий түрдө жарыя кылынды. Айрым эл аралык укук коргоо уюмдарынын билдирүүлөрүнө караганда, акыркы айдын ичинде эле Сирияда 200дөй адам полиция менен болгон кагылышуулардын айынан өмүрүнөн ажырады.


Хомс - Жакынкы Чыгыштагы Сирия өлкөсүндөгү үчүнчү ири шаар. Бул шаардын борбордук аянтын ээлеп алган демонстранттар чукул кырдаалдын жокко чыгарылышын жана өлкөдөгү саясий туткундардын бошотулушун талап кылып келишти.

Сириянын Ички иштер министирлигинин өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, өлкөдөгү болуп жаткан нааразылык чараларынын масштабы куралдуу көтөрүлүш деңгээлине жетти. Ал эми мамлекеттин коопсуздук кызматкерлери коомдогу тартипти калыбына келтире турганын чечкиндүү билдиришти.

Полиция кызматкерлери менен болуп жаткан кагылышуудан улам жекшемби күнү 8 адам набыт болду. Ал эми эл аралык укук коргоо уюмдарынын айтымында, соңку бир айдын ичинде эле Сирияда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунун айынан бери дегенде 200дөй киши өмүрүнөн айрылды.

Бүгүн (19-апрелде) Сирияда узак жылдардан бери күчүндө болуп келген чукул кырдаал алынып салынганы ырасмий түрдө жарыя кылынды.

Өлкөнү атасы Хафез Асаддан (1930-2000) кийин дээрлик он бир жылдай башкарып келе жаткан Башар Асад, 48 жылдан бери Сирияда өкүм сүрүп жаткан чукул кырдаал жоюлат деп убада берген болчу.

Ройтерс маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, шейшембиде Хомс шаарындагы демонстранттар “Башар Асад бийликтен кетсин!” деп ураан чакырып жатышты.

Экстремизимге каршы күрөш?

Нааразылык чарасынын катышуучуларынын билдиргенине караганда, Хомс шаарындагы борбордук аянтта атайын коопсуздук күзөттөрү орнотулуп, аянтта куралсыз гана адамдар чогулган.

Шейшембиде (19-апрелде) нааразылык жыйынына дээрлик 20 миңдей киши катышканы жана демонстранттар өз шаарынын "Саат" аянтын элдик ыңкылап жеңген Египеттин борбору Каир шаарындагыдай “Тахрир” – “Эркиндик” аянты деп атап алышканы кабардалды.

Сириянын Ички иштер министирлиги Хомс шаарындагы аянтта жогорку аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү мыкаачылык менен өлтүрүлдү деп атайын маалымат таркатты.

Өлкөдө болуп жаткан окуялар - мусулмандардын салафийлер тобунун ишмердигинин натыйжасы”, - деп ички иштер министрлиги соңку окуяларга өз баасын берди.

Көпчүлүк арап өкмөттөрү салафийлердин тобун “ал-Кайида” тармагы сыяктуу эле террорчул уюм деп эсептешет.

Соңку нааразылык чараларын Сириянын бийлик өкүлдөрү тышкы күчтөрдүн кутумга шыкактаган аракетинин туундусу катары да баалашууда.

Мындай билдирүүлөрдү четке кагып, АКШ Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Марк Тоунер мындай деди:

- Биз Сирия өкмөтүнүн бийлигин солгундатуу багытында эч кандай иштерди жасаган жокпуз. Биз Сирияда жарандык коомду колдоо аркылуу демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп жатабыз. Мындай колдоону бүткүл дүйнөдөгү мамлекеттерге көрсөтүп келебиз. Мен өзүм 1990-жылы Польшада иштеп жүргөндө алган жекече тажрыйбам ушундай болгон: биз атуулдук коом жана бейөкмөт уюмдар менен тыгыз кызматташып иш алып барганбыз. Мындагы айырманы айтсак – Сирия өкмөтү ушул сыяктуу көмөктү өзүнө карата коркунуч ирэтинде кабыл алып жатат.

Тоунер мырзанын айтымында, чет өлкөлүктөр эмес, тескерисинче, сирия элинин өзү расмий Дамаскты өлкөдө кеңири демократиялык реформалар жүргүзүүгө чакырууда.



Арслан Сабырбеков,
“Азаттык” үналгысынын практиканты.
XS
SM
MD
LG