Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Британ офицерлери ливиялык адватчыларга жардамдашат


Британия өкмөтү Муаммар Каддафинин бийлигине каршы согушкан ливиялык эрегишчилерге уюштуруу жагынан көмөктөшүү үчүн аскер кызматкерлерин жөнөтүүдө. Британ тышкы иштер министри Уильям Хейгдин 19-апрелде билдиришинче, офицерлер козголоңчуларды машыктырууга, куралдандырууга же аскерий операцияларды пландоого жардамдашпайт. Британ офицерлери адаватчыларга жарандарды, байланыш техникасын жана аскерий техниканы коргоону уюштурууга жардамдашат. Бул иш Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин аба чабуулдарынан жарандарды коргоо боюнча резолюциясына ылайык жүргүзүлөт деп белгиледи Хейг.

Франциянын тышкы иштер министри Алан Жюппенин билдиришинче, ырасмий Париж Ливияга француз аскерлерин жөнөтүүгө каршы. Ал Ливияда абал татаал экенин жана Батыш Каддафи өз тактикасын адватчыларга таңуулай алат деп күтпөгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG