Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Сирияда оппозициянын негизги талабы аткарылды


Сириянын өкмөтү өлкөдө жарым кылымдай мурда киргизилген өзгөчө кырдаал режимин алып салды. Кечээ өкмөт бул тууралуу мыйзамды жактырды. Өзгөчө кырдаал режимин алып салуу – массалык демонстрацияларды уюштуруп жаткан оппозициянын негизги талаптарынын бири болчу. Мыйзамга эми президент Башар Ал-Ассад кол коюшу керек, ошондо ал күчүнө кирет. Өкмөт саясий туткундарды соттоочу коопсуздук боюнча мамлекеттик сотту да таркатты, тынч митингдер тууралуу жаңы мыйзамды жактырды. Анын алдынан кечээ бийликтер Хомс шаарынын аянтына чогулган демонстранттарды үйлөрүнө кетүүгө чакырган, тополоңдо ок атылганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG