Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Биолаборатория курууга каршы нааразылык акция башталды


Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндик” эстелигинин жанына азыр 10 чакты адам биолабораториянын курулушуна каршы пикетке чыгышты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар мындай лабораториянын курулушун жактаган аткаминерлердин сүрөтүн илип алып “Биополигонго жол жок”, “Өлүм лабораториясына жол жок” деген өңдүү жазууларды кармап турушат. Бул лаборатория курулса, андан оорулар тарап кетиши ыктымал экенин айтып, өлкө жетекчилигинен мындай жайды курууга тыюу салууну талап кылышууда.

Канаданын компаниясы курганы жаткан Биолабораторияга Бишкектен калк отурукташкан Ботаникалык бактан 4 гектер жер бөлүнүп берилген. Эл аралык тажрыйбада мындай жайлар ай-талаада, ээн жерлерде курулат. (EBM)

XS
SM
MD
LG