Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кыргызстандыктар Алматыда туризм жарманкесине катышууда


Бүгүн Казактандын Алматы шаарында “Туризм жана саякат” деп аталган 11-эл аралык жарманке башталды. Ага кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Нурдин Абдылдаев көлгө туристтерди тартуу боюнча бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Туризм жарманкеси Чолпон-Ата шаарында май айында уюштурулмакчы. Быйыл Ысык-Көлдө туристтер үчүн 200гө жакын эс алуу жайлары камдалууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG