Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Байкоочу Кеңеш КТРК тууралуу мыйзамды кабыл алууга каршы


Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу Кеңеши бүгүн КТРК тууралуу мыйзам долбоорду чукул кабыл алууга каршы билдирүү таратты. Анда Кыргызстанда маалымат майданында туруктуулукту камсыз кылуу маанилүү экени белгиленип, өлкөдө парламентаризмди калыптандыруу жараяны жүрүп жаткан чакта жана президенттик шайлоону утурлай депутаттарды бул мыйзам долбоорду шашып кабыл албоого чакырык айтылган. Байкоочу Кеңеш КТРКнын жамааты менен ийиндеш иштөө менен корпорациясынын ишин бир топ илгерилетип койгонун белгилеген. Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев сунуштап жаткан бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса Байкоочу Кеңеш кайра түзүлүп, КТРКнын башкы деректири кайра тандалат. КТРКнын башкы деректири Кубат Оторбаев эртең парламенттин отурумунда корпорациянын иши тууралуу маалымат берет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG