Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

Таласта акимди колдоп митингге чыгышты


Кабарчыбыздын маалымдашынча, Талас районунун акими Руслан Атыхановдун 200дөй тарапкери азыр аталган райондун борбору Көк-Ой айылында райондук билим берүү бөлүмүнүн жанында акцияга чыгышты. 17-апрелде райондун акиминин кызматтан кетишин талап кылып 150дөй адам чогулган эле. Буга райондук билим берүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Тынара Назаралиеваны мурунку жумуш ордуна отургузбай жатканы себеп болгон. Назаралиева 7-апрелден кийин кызматтан алынып, ордуна Нурбек Момбеков иштеп келген. Эки жолу соттон утуп алган Назаралиева министрликтин токтому менен кызматка кайра алынган, бирок акимчиликтин айрым кызматкерлери аны жумуш ордуна киргизбей коюшкан. Чогулгандар буга акимдин тиешеси бар деп айтышкан. Аким Атыханов азыр эс алууда жүргөн айтылууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG