Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Сирияда нааразылык чыгуулар уланууда


Сирияда 48 жылдан бери иштеп келаткан чукул кырдаал режими жоюлганы менен, Баниас шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциясы өтүүдө. Демонстранттар калган саясий реформаларды ишке ашыруу талабын коюшууда. Президент Башар Асад бийликтен кетсин деген чакырыктар көбүрөөк угула баштды. Адам укуктарын коргоочулар 1 айдан бери уланып келаткан демонстрацияларда 200дөн ашуун киши набыт кеткенин ырасташууда. Кечээ Хомс шаарында полиция демонстранттарга каршы ок ачканы кабарланган. Ички иштер министрлиги толкундоолор куралдуу козголоңго айланганын айтып, “теророчул топтордун” андай аракеттерине жол берилбесин эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG