Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Мишел Обаманын учагына байланышкан инцидент иликтенүүдө


АКШда өлкөнүн биринчи айымы Мишел Обама миңген учакка байланышкан инцидент иликтенүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, Обаманын лайнери аскерий жүк ташыган учакка өтө жакын учуп баратканына байланыштуу Эндрюс базасына даро коно албай, кайра көтөрүлүүгө мажбур болгон. Учактардын ортосу 5 гана километрди түзгөнү, коопсуздук нормалары боюнча ал – 8 километр болушу керектиги айтылууда. Федералдык авиация мекемеси кырсык коркунучу жаралбаганын белгилеп, эки учак тең аэропортко аман-эсен конгонун билдирди.

Жакында АКШда авиадиспетчерлердин иш жеринде уктап калышына байланыштуу бир нече жолу кооптуу жагдай түзүлүп, азыр алардын иштөө шарттары кайра каралууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG