Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Курманалиев: Өзбекстан жараны Тургуновдун кармалышында мыйзам бузуу жок


Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармасынын тергөөчүсү Урмат Курманалиев “Азаттыкка” билдирди. Айрым маалымат булактары Өзбекстан өзүнүн жараны Новрузбек Тургуновду мыйзамсыз кармап кеткен Кыргызстандын милиция кызматкерлерин Интерпол аркылуу издөөгө ниеттенип жатканы тууралуу кабар тараткан. Ал кабарда Кыргызстандын тартип коргоо органдары чек арадан мыйзамсыз өтүп, өзбекстандык дыйкан Тургуновду уурдап кеткени айтылат. Ошондой эле эл аралык норма боюнча эгер чет элдик жаран кылмышка шектелип атса, Тышкы иштер министрлиги аркылуу тишелүү органдарга суроо-талап жөнөтүшү керектиги, уурдалып кетти делген Тургуновдон милиция кызматкерлери айып пул катары мал жана акча сурашканы белгиленген.

Курманалиев Өзбекстандын жараны Тургунов Кыргызстандын аймагында кармалганын, анын “мал уурулук” жана “чек араны мыйзамсыз өтүү” беренелери боюнча күнөөсү далилденип, иши сотко өткөнүн билдирди. Учурда бул иш Кадамжай райондук сотунун кароосунда. Тергөөчү мал жана каражат сурады деген маалыматтарды четке какты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG