Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Франция Ливиядагы чабуулдарын күчөтөт


Николя Саркози (солдо) менен Мустафа Абдел Жалил, Париж, 20-апрель, 2011
Николя Саркози (солдо) менен Мустафа Абдел Жалил, Париж, 20-апрель, 2011
Франция Ливиянын Мисрата шаарындагы атышууларда НАТОнун аскер күчтөрү лидер Муммар Каддафинин аскерлерине каршы чабуулдарды күчөтөөрүн билдирди. Президент Николя Саркози бул тууралуу кечээ кечинде Парижде ливиялык оппозициянын лидери Мустафа Абдел Жалил менен жолугушууда айтканы кабарланды. Ошол эле күнү мурдараак Франция менен Италия Ливиядагы козголоңчуларга колдоо иретинде өздөрүнүн аскерий кеңешчилерин жиберишээрин айтышкан. Аскер кеңешчилерин жиберүү чечими тууралуу шейшембиде алгач Британия кабарлаган болчу.

XS
SM
MD
LG