Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Улуу Ата Мекендик согушка катышып жаракат алгандарга жана туткунга түшкөндөргө 10 миң сом өлчөмүндө жардам берилет. Ошондой эле согушта курман болгондордун жесирлерине, тылда иштегендерге 5 миң сомдон каражат бөлүнөт. Ал үчүн өкмөттөн 74 миллион сом каралган. (KKs)