Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Нарында “Жаш таланттар - 2011” сынагы өтөт


Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исак Орозалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, облустук деңгээлдеги “Жаш таланттар-2011” сынагы 22-23-апрель күндөрү Нарын шаарында өтөт. Сынакка 8-16 жашка чейинки улан-кыздар катышат. Райондордон келген жаш таланттар жети багыт боюнча күч сынашат. Жеңип чыккан таланттар эл аралык сынактарга катышмакчы. Бул ишчара “Бал таттуу” бейөкмөт уюу, “Дордой” ассоцияциясы жана Нарын облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулууда. (ErB)

XS
SM
MD
LG