Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Ливияда чет элдик эки журналист набыт болду


Шаршембиде Ливиянын батышындагы Мисурата шаарында эки журналист британдык Тим Хетериңтон менен амекрикалык Крис Хондрос набыт болду.

- Граната жарылган маалда биз Мисратанын Триполи көчөсүндө болчубуз. Атышуу күчөгөнүнөн чочулап, артка тартканбыз. Ошол маалда ракетадан атылган граната жарылып, биздин топко тийди, - деп айтты окуяга күбө болгон журналисттердин бири.

Хетериңтон Ооганстандагы америкалык аскерлер жөнүндө «Рестрепо» деген документалдык тасмасы үчүн «Оскарга» көрсөтүлгөн, 4 жолу Дүйнөлүк Пресс Фото сыйлыгына татыган. Америкалык Хондрос «Getty Images» агенттигинин фотооператору, согуштагы сүрөттөрү үчүн Роберт Капа атындагы алтын медалды алган.

Мисуратада шаарга көзөмөлдүк кылган козголоңчулар менен Муаммар Каддафинин күчтөрүнүн кармашы уланууда. Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллэй Каддафинин күчтөрү эл аралык алкакта тыюу салынган «чачырама бомбаны» колдонуп жатканын айыптады.

Ливияда эки айдан бери уланган жаңжалда өлгөн адамдардын саны тууралуу так маалымат жок. Набыт болгондордун арасында балдар менен аялдар дагы бардыгы кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG