Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

АКШ эки учкучсуз аскердик учагын Ливияга учурду


"Алар ливиялык лидер Муаммар Каддафинин объектилерине абадан таагыраак сокку урганга мүмкүнчүлүк берет", - деп билдирди кечээ Кошмо Штаттардын Коргоо министри Роберт Гейтс.

"Азыр президент биздеги өзгөчө мүмкүнчүлүктү колдоно турган учур келгенин айтты жана пилотсуз аскерий учактарды жөнөтүүнү колдоду, - деди министр. - Менимче, бүгүн алар биринчи миссиясын аткарышат жана мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшөт".

Ал арада Ливиянын өкмөттүк аскерлер менен козголоңчулар ортосунда бир нече аптадан бери согуш жүрүп жаткан үчүнчү ири шаары Мисратада Каддафинин режими өзүн колдогон элге “непада НАТОнун аскерлери жерден чабуул коюшса, коргонгула” деген таризде курал-жарак тарката баштаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG