Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Сирияда бүгүн массалык демонстрациялар өтөт


Оппозиция бүгүн президент Башар Ал-Ассаддын бийликтен кетишин талап кылган массалык демонстрацияларды өткөрүүнү пландап жатат. Кечээ президент бул өлкөдө 48 жыл мурда киргизилген өзгөчө кырдаал режимин расмий түрдө алган мыйзамга кол койгон эле. Өзгөчө кырдаал учурунда бийликтерге элди камакка алууга кеңири укук берилген болчу. Бирок оппозиция ал режимди алып коюу жетишсиз экенин, камактагы саясатчыларды бошотууну, “Баас” партиясынын үстөмдүгүн жоготууну талап кылышууда. Сирияда демонстрациялар бир айдан бери уланып жатат. Ушул аралыкта коопсуздук күчтөрүнүн колунан 200 адам өлгөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG