Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

“7-апрель” кыймылы КТРК тууралуу мыйзамды кабыл албоого чакырууда


“7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгып, бүгүн Жогорку Кеңеште карала турган Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тууралуу мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирүүдө. Анын айтымында, учурда КТРК боюнча мыйзам кабыл алып, 15 кишиден турган Байкоочулар кеңешин кайра шайлоого негиз жок.

Жогорку Кеңеш “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү маселесин кароону бүгүнкүгө калтырган. Аталган долбоорду иштеп чыккан депутат Каныбек Иманалиев каналдын иштөө жана байкоочулар кеңешин шайлоо тартиби тууралуу мыйзамды кабыл алууга зарылчылык бар экендигин “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG