Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

23-апрелде жаан-чачын болбойт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 23-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус болмокчу.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 градус жылуу, күндүз 27…29 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG