Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Сирия оппозиция Ассадга жаңы талап койот


Сирия оппозициясы бүгүн 22-апрелде президент Башар Ассаддын бийлигине каршы чыгууларды улантканы жатышканын маалымдашты. Кечээ Ассад Өзгөчө кырдаалдар боюнча 48 жыл мурда кабыл алынган мыйзамды ырасмий түрдө токтоткон. Шектүү деген адамдарды соттун өкүмүсүз аңдууну же камоону мүмкүн кылган бу мыйзамды алып салуу анти-өкмөттүк демонстрациялардын башкы талабы болчу.

Эл аралык мунапыс уюму бийликтин бүгүнкү демонстрацияга берген жообу - анын реформага канчалык ынтызар экенин көрсөтөт дейт. Оппозиция эми саясый туткундарга эркиндик берүү жана конституциядан “БААС Сириядагы жетектөөчү партия” деген беренени алып салуу үчүн күрөшөрүн билдирди. Адам укугун коргоочу уюмдардын эсебинче, марттын ортосунда Сирияда анти-өкмөттүк козголуш башталгандан бери коопсуздук күчтөрүнүн огунан кеминде 200 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG