Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Чек арада кармалган 25 тонна дизелдик отун боюнча иликтөө жүрүп жатат


Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, кыргыз-тажик чек арасында контрабандалык жүк катары кармалган 25 тонна дизелдик отун боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда бул жүк Улуттук коопсуздук комитетинин Баткен облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Маалыматка ылайык, контрабандалык жүк мындан эки күн мурда Баткен аймагындагы “Кара-Бак” чек ара бекетинен Тажикстанга өтүп бара жаткан “Камаз” автоунаасынан табылган. Дизелдик отундун жалпы суммасы бир миллион сомдон ашык деп бааланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG