Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Министрликтердеги коомдук байкоочу кеңештер үчүн 278 талапкер тандалды


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 22-апрелде мамлекеттик органдардын Коомдук байкоочу кеңештеринин төрагалары менен өткөргөн кеңешмесинде билдирди. Маалыматка ылайык, мекемелерде байкоочу кеңеш түзүлөрү белгилүү болгондон кийин, жарандардан кеңештерге мүчө болуу өтүнүчү менен 605 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 278 талапкер тандалып алынган. Өз сөзүндө президент коомдук байкоочу кеңеш мамлекеттик органдарды тыкыр көзөмөлгө алып, мыйзам бузууларды ашкерелөөгө тийиштигин белгиледи.

Учурда 24 министрлик, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер жана комиссияларда коомдук байкоочу кеңештер иштеп жатат. Жакын арада республикалык деңгээлдеги бардык мамлекеттик органдарда ушундай кеңештер түзүлмөкчү.

Мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган байкоочу кеңештер өткөн жылдын ноябрь айынан тарта түзүлө баштаган. Бул кеңештер мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү, каражаттардын туура сарпталып жатышына коомдук көзөмөлдү орнотуу максатын көздөйт. Ар бир министрликтин үстүнөн көзөмөл кыла турган кеңеш кеминде он кишиден туруп, анын мүчөлөрү ар кыл багыттагы серепчилер, адистер болууга тийиш. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG