Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:42

Чүйдө арзан күйүүчү май таратууда мыйзам бузуулар болду


Каржы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, облустун Жайыл районундагы Полтавский айылдык округунда өкмөттүн арзан баадагы дизелдик отуну негизсиз таркатылганы жана кеминде жети миң литрге жакын дизелдик отун мыйзамсыз сатылганы аныкталды. Маалыматка ылайык, дизелдик отундун бир бөлүгү тизмеде турган дыйкандарга эмес, башка адамдарга берилип кеткен. Аталган айылдык округга бөлүнгөн 20 миң литрден ашык дизелдик отундан айылда жашабаган жети миңдей адамдарга сатылган. Ушул тапта бул мыйзам бузууларга күнөлүү адамдарды аныктоо жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG