Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Дагестандагы темир жолдо жарылуу болду


Жарылуу бүгүн эртең менен Түндүк-Кавказ темир жолунун Дагестандын Кизил-Юрт районунун аймагындагы бөлүгүндө болгон. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жарылуу болгон кезде темир жолдон эки платформалуу гана чакан поезд өтүп бара жаткан. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшкөн жок. Бирок жол бузулгандыктан поезддердин каттоo жадыбалына өзгөртүү киргизилген. Орусиянын Түндүк Кавказ чөлкөмүндө, өзгөчө Дагестанда кийинки кездери утур-утур кайталанып жаткан жарылууларды жергиликтүү жана борбордук бийликтер аймакты байырлаган исламчыл согушкерлерден көрүп келет. Кечээ Орусиянын расмий өкүлдөрү Чеченстанда “ал-Каиданын” Түндүк Кавказдагы чабарманы катары эсептелген саудиялык Моганнед ысымдуу согушкер коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынганын жарыялашты. Чеченстандын Москва колдогон президенти Рамзан Кадыров бул окуяны “ири жетишкендик” деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG