Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Өкмөт Майлы-Суу мэриясын басып алуу аракети болгонун төгүндөдү


Өкмөттүн басма сөз кызматы таркаткан билдирүүгө ылайык, Майлы-Суу шаар мэриясынын имаратын эч ким басып алган жок. Мэрияда басып алуу болгону тууралуу айрым маалымат каражаттарынын жазгандары чындыкка коошпойт. Маалыматка ылайык шаар бийлиги жаңы дайындалган жетекчилик менен кадимкидей эле иштеп жатат.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, премьер-министрдин буйругу менен 21-апрелде Майлы-Суу шаар мэри Тургуналы Арипов кызматтан алынып, анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Ырысбек Ызабеков дайындалган. Буга Майлы-Суу шаардык кеңешинин 25 депутатынын ичинен 19 депутаттын өкмөт башчыга кайрылуусу себеп болгон.

Кечээ Майлы-Суу шаар мэриясына 40 чакты шаар тургуну келип, мурдагы мэр Тургуналы Ариповдун кызматта калышын, премьер-министрдин келишин талап кылышкан. Чогулгандар шаар бийлиги менен сүйлөшүп, аларга түшүндүрүү иши жүргүзүлгөндөн кийин түшкө маал таркап кетишкен. Бул жагдай мэриянын ишине эч кандай тоскоолдук жараткан эмес. (KKs)

XS
SM
MD
LG