Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Биолабораториянын курулушуна каршы кол топтоо уланууда


«Кыргызстан жаштары» кенешинин мүчөлөрү жана бир катар демилгелүү жаштар Бишкекте биологиялык лаборатиориянын курулушуна каршы кол топтоону улантышууда. Аталган кеңештин мүчөсү Перизат Рысбек кызынын «Азаттыкка» билдиришинче, алар биолабораторияда сактала турган вирус, бактериялар шаарга коркунуч туудурат деп белгилешип, кеминде он миңге жакын адамдын колун топтоону көздөшүүдө. Кол топтолгон соң бийлик өкүлдөрүнө атайын кайрылуу жөнөтүлмөкчү.

Буга чейин Биолаборатория куруу боюнча долбоордун координатору Рысбек Нургазиев Кыргызстандагы башка лабораториялардын абалы начар болгондуктан бул лаборатория курулушу керектигин, анын иши жарандарга эч кандай зыянын тийгизбей тургандыгын билдирген болчу. Ошол эле учурда бир катар депутаттар да лабораториянын курулушун жактап чыгышкан.

Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалууда. Долбоорго ылайык, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында жайгашууга тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG