Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

АКШ Ливияда учкучсуз башкарылган учактан биринчи соккуну жасады


Бул тууралуу АКШнын коргоо министрлиги жарыялады, бирок бутага эмнелер алынганын чечмелген жок. Мурдараак НАТО Ливияда учкучсуз башкаруудагы учактарды колдонуу мерчемделген бутага, өзгөчө шаар аймактарында тагыраак сокку урууга мүмкүндүк берерин айткан. Бул аралыкта ливиялык козголоңчулардын батыштагы жалгыз таяныч бекети катары эсептелген Мисурата шаарында уруштар уланууда. Шаарды эки айга жакын убакыттан бери камалап жаткан өкмөттүк аскерлер ал жерден кетүүгө буйрук алган деген мурдагы маалыматтарга карабай, бүгүнкү көчө уруштарынан кеминде он киши өлүп, элүүдөйү жаракат алганы кабарланды. Ливия тышкы иштер министринин орун басары Халид Каимдин айтымында, эгер Мисуратада аскерлер “проблеманы чече албаса”, ал жердеги козголоңчуларга каршы уруулардын күчтөрү көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG