Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

АКШ президенти армян кыргынын кайрадан “геноцид” деп атаган жок


1915-жылы ал кездеги Осмон империясы тарабынан бир жарым миллиондой армяндын кырылуусунун кезектеги жылдыгына арналган билдирүүсүндө Барак Обама бул окуяны “XX кылымдагы эң катаал жырткычтык” деп атаган. Бирок АКШ президенти бул окуяга мүнөздөмө бергенде үчүнчү жыл катары геноцид деген сөздү колдонууга барган жок. Обама армян кыргынына геноцид деген баа берерин шайлоо өнөктүгү учурунда айткан болчу.

Тарыхчылардын көпчүлүгү бул окуяны XX кылымдагы биринчи геноцид деп эсептешет жана анда 1,5 миллиондой армян кырылган деген эсептөөлөр менен макул. Анткен менен Түркиянын лидерлери мындай ырастоолорду четке кагып, өлгөндөрдүн саны кыйла аздыгын, Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда, Осмон империясы кыйрап жаткан кезде жоготуу эки тараптан болгонун айтып келишет.

АКШ президенти өз билдирүүсүндө Армения менен Түркиянынын алардын “жалпы тарыхын таануучу диалогду күчөтүү” аракетин кубаттады. Ал эми АКШ – Армения алакаларын чыңдоо үстүндө иштеген уюм – Америкадагы армян ассамблеясы Обаманын билдирүүсүн “мүмкүнчүлүктүн текке кетиши” катары мүнөздөдү.

Былтыр АКШ Конгрессинин комитети бул окуяны “геноцид” катары тааныган резолюцияны колдогон болчу. Буга жооп кылып Түркия Вашингтондогу элчисин чакыртып алган жана резолюция Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында өтпөй калгандан кийин гана кайра жөнөткөн.

Арменияда бүгүн дээрлик бир кылым мурдагы окуянын курмандыктарын эскеришүүдө. Кечээ кечинде Ереванда миңдеген адам катышкан, Түркиянын 1915-жылкы кыргынды геноцид катары таануусун талап кылган жүрүш өттү.

XS
SM
MD
LG