Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Йемендин президенти козголоңчуларды айыптады


Би-Би-Си менен маегинде Али Абдулла Салех «бийликти жөн эле демонстранттардын колуна салып берген болбойт» деди. Ал өзүнүн 32 жылдык бийлигине каршы демонстрацияларды «төңкөрүш» деп мүнөздөдү. Ишембиде бийлик партиясы Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн арачылыгы менен жетишилген келишимди Салех кабыл алгандыгын жарыялаган. Келишим боюнча Салех бийлигин 30 күн ичинде тапшырып, анын эсебинен сот жообуна тартылбайт. Бирок бир нече жумалардан берки демонстрациялардын уюштуруучулары Салехтин дароо кызматтан кетишин жана анын сот жообуна тартылышын талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG