Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Ооганстанда 500дөй киши абактан качты


Көпчүлүгү талип согушкерлери деп шектелген 500гө чукул киши Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар абагынан качып кетти. Түрмө башчы Гулам Дастагер "Азаттыктын" ооган кызматына абактагылар жер алдында казылган 300 метрдей туннел аркылуу жекшембинин түнүндө качып кетишкенин айтты.

- Качып кеткендердин ичинен 467и саясий айыпкелер. Алар жер алдынан жүздөгөн метрлик туннел казышкан, бирок азырынча кантип качып чыгышканы даана тактала элек. Полиция иликтеп жатат. Бүгүн таңда качкандардын сегизи кайра кармалды.

Талиптер болсо түрмөнүн сыртынан туннелди 5 ай мурун эле каза башташкан экен. Талиптердин маалымат катчысы Кары Юсуф Ахмади качып чыккандардын жүздөйү талип командирлери жана калган көпчүлүг талип согушкерлери экенин билдирет.

Кандагар абагында 1200 адам жазасын өтөйт. 2008-жылы дагы бул түрмөдөн миңдей киши талиптер абактын дарбазасына бомба ыргытып, жардыруу кылганда качып чыгышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG