Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Асманы бүркөө балалык


Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнүн тарбиялануучулары. 25-апрель, 2011.
Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнүн тарбиялануучулары. 25-апрель, 2011.

Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк жарандардын кыргызстандык балдарды асырап алуусуна уруксат бере турган мыйзам долбоорун жактырды.

Чет өлкөлүктөр саламаттыгы начар балдарды да багып алууга даяр. Ошол себептен оорулуу балдар тарбияланып аткан Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө бардык.

Төрөт үйүнө ташталган балдар

Бул балдар үйүндө жалпысынан 95 бала бар. Наристелердин баары оорукчан, алардын көбүн энелери төрөт үйүнө калтырып кетишкен. Балдар төрт жашка чейин бул жерде тарбияланып, дарыланып, андан соң Беловодскидеги мектепке чейинки курактагы балдар үйүнө же ошол эле жердеги психоневрологиялык балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.

Аталган балдар үйүнүн жетекчиси Турман Майтиков бул жерге негизинен оорукчан балдар түшөөрүн кеп кылды:

- Негизинен бизге төрөт үйүнө таштап кеткен оорулуу балдар түшөт. Бул жактан аларды дарылайбыз, карайбыз, өстүрөбүз. Анан өскөндөн кийин Беловодскидеки мектеп курагына чейинки балдар үйүнө, же болбосо ошол эле Беловодскидеги психоневрологиялык балдар үйүнө өткөрүп беребиз.

Балдардын көпчүлүгү акыл-эс жагынан артта калган, тубаса жүрөк оорусу, сифилис менен төрөлгөндөр. Же мээсинде шишиги бар, оозу жырык, тагыраак айканда нышан наристелер. Балдар үйүнүн Бишкектеги балдар ооруканалары менен атайын келишимдерине ылайык, наристелер мамлекеттин эсебинен дарыланат. Мисалы, операциялар бекер жасалат.

Эрини жырык төрөлүп, бул жакка калтырылып кеткен төрт балага жакында эле операция жасалды. Учурда балдар баш сөөк хирургиясында дарыланып атканын Балдар үйүнүн дарыгери Гүлжан Ашымова айтып берди:

- Эрини жырык балдар бар да. Ошолордун экөөнүн таңдайына, экөөнүн эринине операция жасалды. Хейлопластика деп коет. Алар азыр баш сөөк, бет хирургиясында. Кудайга шүгүр, ден-соолуктары жакшы.

Аман-эсен чоңоёр бекен?

Биз дарыгер айым менен маектешип атканда ар жакта ойноп жаткан наристелердин ичинен кичинекей бала «Апа!» деп жаныбызга келди.

- Атың ким?
- Аман.
- Мен ким болом? – деп сурады дарыгер.
- Гүлжан апа, - деп жооп берди бала.

Бул жактагы балдар тарбиячыларын, дарыгерлерин «апа, ата» деп чоңоюшат. Биздин жаныбызга келген Аман үч жарым жашта. Төрөлгөндө мээсине кычкылтек жетпей калган экен. Анан дагы тубаса жүрөк оорулуу болгондуктан, энеси төрөт үйүнө калтырып кеткен. «Аман-эсен чоңойсун» деп бул жактагылар атын Аман деп коюшкан. Ал ымыркай кезинде көп ооруп, дарыланып отуруп, азыр акыбалы жакшы.

Дарыгер Гүлжан Ашымова болгону анын тили кечирээк чыгып атканын айтат:

- Бала көп ооруду. Бул жактан реабилитация жүргүздүк. Азыр ал акыбалдан чыгып келатат. Биздин балдар көбүнчө тил жагынан аксашат. Биз деле эненин мээримин бергенге аракет кылабыз. Дефектолог, логопеддер бар. Алар ушул балдар менен иштешет. Биз канчалык карасак дагы бары бир өз энесине жетпейт да. Кыргызда айтат эмеспи «карандай чай ичсең да, бала өзүн үйдө ток сезет» деп. Себеби, үйдөгү балдар ата-энесин, эже-агаларын туурап тил өрчүүсү бат өнүгөт эмеспи.

Сойкудан төрөлгөн бала

Балдардын ичинен ийини төрт бурчтукту элестеткен наристе көзгө дароо урунат. Атын Руслан Болжуров деп балдар үйүнүн кызматкерлери коюшкан. Төрт жашка чыгып калган Русландын ийин сөөктөрү туура эмес өсүп калган. Тили да жакшы чыга элек. Русландын энеси сойкулук иш кылган келин экенин айтат дарыгер:

- Энеси сойкулук жактан кызмат кылган келин экен да. Кийин бир жолу келди. Баланы көрсөтсөк, энесине окшош экен. Бир көрүп эле, ошол бойдон басып келген жок. Баңгизатарды да пайдаланган келин окшойт. Мына ошол сойкулук жүрүм-турумдун эсебинен төрөлгөн баланы карабайсызбы?

Үч жашар татынакай орус кызы Аленанын апасы сифилис менен ооругандыктан, кызы ушул тубаса дартка кабылган. Аленанын апасы да сойкулук иш кылчу экен:

- Энеси өнөкөт сифилис менен ооруган келин экен. Сойкулук кылып, чет өлкөлүктөр менен иштеп жүрүптүр.

Балдар Беловскиден кийин кайда барат?

Бул жакта балдар төрт жашка чейин тарбияланып, Беловодскидеги балдар үйүнө которулаарын айтып өттүк. «Бирок, ал жакта 16-18 жашка чейин эле болушат. Андан кийин кайда барат?» дейт адистештирилген балдар үйүнүн жетекчиси Турман Майтиков:

- Бул жактан биз тарбиялап, дарылап, Беловодскидеги балдар үйүнө өткөрүп беребиз. Ал жакта 18 жашка чейин болуп, ал жактан кийин каякка барат (?) деген маселе туруп атпайбы.

Ошентип бул балдардын 18 жаштан аркы мамлекеттик камкордук аныкталган эмес. Жөнөкөй тил менен айтканда балдар 18 жаштан ары оорулуу экенине карабай көчөдө калат экен. Мына ушуга негиздеп айрым депутаттар балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берген туура деген маселе көтөрүүдө. Биз бала асырап алуу кандай тартипте жүргүзүлөт, бул ишке жоопкерчиликти ким алаары тууралуу мындан ары да иликтейбиз.

XS
SM
MD
LG