Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Жогорку Сотто Бакиевдердин жактоочусунун арызы каралат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Жогорку Сот Бакиевдердин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Ирина Камарданын апрель сотун карап жаткан судья Дамир Оңолбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу арызын карайт. Жактоочунун мындай арызын буга чейин Аскер соту карап чыгып, четке каккан болчу. Эгер Жогорку Сот Камарданын өтүнүчүн канааттандырса, апрель соту кайрадан жаңы соттук курам менен каралат. Өтүнүч четке кагылса, сот Дамир Оңолбековго баштаган соттук курам менен улана берет.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 18-марттан бери Дамир Оңолбековдун жетекчилиги менен кайрадан териштирилип келет. Бакиевдердин жактоочулары буга чейин бир топ жолу судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчүн билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG