Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Кыргызстандык студент кыз эл аралык форумда 1-орунду алды


“Ломоносов-2011: Мезгил жана муундардын байланышы” аттуу Москвада өткөн эл аралык форумда кыргызстандык студент Рейна Артур кызы биринчи орунду алды. Ал Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин Социология бөлүмүнүн төртүнчү курсунун студенти болуп саналат. Аталган университеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Рейна Артур кызынын “Интернеттеги зордук-зомбулук” аттуу темадагы илимий-иликтөө иши “Байланыш системаларынын социологиясы” тармагында ат салышкан 1500 катышуучунун эмгектеринен мыктысы деп табылды. Кыргызстандык студент кыз бул иликтөөсүндө июнь окуялары учурундагы интернет-гезиттердин мазмунун талдоого алган. Натыйжада Рейна Артур кызы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде аспирантурага окууга чакыруу алды.

XS
SM
MD
LG