Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Италияда полиция учакты Ливияга айдатып учууга аракеттенген казак жаранын камакка алды


"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, Казакстандын ЮНЕСКОдогу элчисинин кеңешчиси Валерий Толмачев Парижден келаткан учак Рим калаасына конгондон кийин камакка алынды. Кабарларда Толмачев стюардессаны бычак же тырмак өгөө менен коркутуп, учакты Ливияга айдоону талап кылганы айтылат. Башка стюардестер жүргүнчүлөр менен биригип, аны күчтөп токтотушкан. Казакстандын ЮНЕСКОдогу элчиси Олжас Сулейманов Толмачевду «абдан тажрыйбалуу, кесипкөй кызматкер» деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG