Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Атаханов: Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү негизги маселе


Бул тууралуу Кырыгзстандын вице-премьер-министри Шамил Атаханов Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Мэн Цзяньчжу жетектеген күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен “Ала-Арча” резиденциясында жолугушкан учурда билдирди. “Жаңы Баш мыйзам өлкө коопсуздугун камсыз кылууда тартип коргоо органдарын көзөмөлдөөнүн жаңы функцияларын пайда кылды. Биз бул багытта активдүү иштеп атабыз”, - деди Атаханов. Вице-премьер-министр апрель окуяларында чек араны жаппай колдоо көрсөткөнү үчүн Кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Ушул тапта эки тараптуу жолугушуу жабык эшик артында уланууда.

Маалыматка караганда, жолугушууда коопсуздук, мыйзамсыз баңгизат ташууга бөгөт коюу, терроризм менен биргелешип күрөшүү жана кызматташуу маселелери талкууланат. Соңунда эки тараптуу меморандумга кол коюлмакчы. Кыргызстан тараптан жыйынга Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана башкалар катышууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG