Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Жазгы талаа жумуштарын күйүүчү май менен камсыздоо 62% түзөт


Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, республика боюнча 25 миң тоннага чукул күйүүчү май жана 5, 5 тонна бензин ташылып келинген. Күйүүчү май менен Талас облусу жакшыраак камсыз болгон, тагыраак айтканда жалпы керектөөнүн 91 пайызы камсыздалган. Ал эми Ош, Жалал-Абад облустары талап кылынган дизелдик отундун 70 пайызга жакынын алган. Учурда Таласта күйүүчү майдын бир литри 31 сом 30 тыйын, Баткенде 38 сом 20 тыйын, Жалал-Абадда 39 сомдон сатылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG