Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Жогорку Сот Бакиевдердин жактоочусунун арызын канааттандырган жок


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Жогорку Сот Бакиевдердин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Ирина Камарданын апрель сотун карап жаткан судья Дамир Оңолбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу арызын карап, аны канааттандырган жок. Сот чечимине ылайык, апрель соту Дамир Оңолбеков баштаган соттук курам менен улана бермекчи. Бирок анын мөөнөтү азырынча тактала элек.

Жактоочунун мындай арызын буга чейин Аскер соту карап чыгып, четке каккан болчу. Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 18-марттан бери Дамир Оңолбековдун жетекчилиги менен кайрадан териштирилип келет. Бакиевдердин жактоочулары буга чейин бир топ жолу судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчүн билдиришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG