Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Түркия-Армения элдешин эскерткен айкел бузулууда


Түркия менен Армениянын жарашуусуна арнап тургузулган эстеликти бузуу башталды. 35 метр бийик эстеликти жумушчулар бузуп жатканын бүгүн Түрк телеканалдары көрсөттү. Осмон падышалыгын соңку жылдарындагы армян кыргынын эскерген эстелик мусулмандар ыйык туткан саганадан эгиз болуп калган деп, Түркияда катуу сындалып жаткан.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган да быйыл январда бул жайга барганда адамдын эки бөлүнгөн таш денесин “кебетеси суук” деп атоосу эстеликти бузуп, башка жайга которууга ишаара болгон. Айкелдин автору өткөн жумада эстеликти башка жайга которууга каршы сөз сүйлөгөндөн кийин бычак жеп, ооруканага жаткырылган.

XS
SM
MD
LG