Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

СПИДге каршы күрөш: ийгиликтер, кооптонуулар


СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүндө кыргыз студенттери Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чыгышты

СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүндө кыргыз студенттери Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чыгышты

Быйыл буга чейинки жылдарга салыштырмалуу СПИДге алып келчү иммундук таңсыктык вирусун (ВИЧти) жуктуруп алгандар аз болду. Ошол эле учурда глобалдык экономикалык кризистин айынан бул маселеге көңүл буруу азайабы деген кооптонуу бар.

Дүйнө СПИД менен 27 жылдай убакыттан бери жашап келатат. Алгач, 1981-жылы, беш адам буга чейин эч кимге белгисиз оору менен катталган. Алардын иммундук системасы толугу менен иштен чыгып, арыктап, акыр аягында көз жумушкан.

Былтыр СПИДден дүйнө боюнча эки млн.дой адам өлдү. Алардын ичинде карысы да, жашы да, аялы да, эркеги да, кедейи да, байы да бар. Ошол эле учурда, эки жарым миллиондой киши ВИЧ вирусун, башкача айтканда, акыр аягында СПИДке алып келчү вирусту жуктуруп алды. Бул вирус жуккан адамдардын арасында аны жылдар бою алып жүргөндөр да бар. Акыркы 30 жылдын ичинде ВИЧтин алдын алуу, же ага чалдыккандардын өмүрүн узартуу жаатында медицина бир топ ийгиликтерге жетишти. Бирок бул аракеттер да коомдо аны алып жүргөндөргө карата текебер мамилени өзгөртүүгө аздык кылат өңдүү.

28 жаштагы Ольга Молдовада турат.

- Менин жумушум бар болчу. Бирок алар мен ВИЧти жуктуруп алганымды билишкенден кийин иштен чыгарып жиберишти. Ооруга чалдыкканымды билгенден кийин башында аябай корктум. Анткени канча жашаарымды, кантип жашаарымды билген эмесмин. Бирок өзүмдү күнөөлүү сезген жокмун. Мисалы, баңги колдонуп, СПИДге чалдыккандарды абийир кыйнашы мүмкүн. Бирок мен... Эгерде бир нерсени туура эмес кылган болсом, өзүмдү кечирдим жана мүңкүрөп калбоону чечтим.

СПИДДен коргонуунун жолдорунун бири - жыныстык катнашта сөзсүз презерватив колдонуш керек.
Ольганын тарыхы Чыгыш Европа менен Борбор Азияда да ВИЧ менен жашаган 1,5 млн.адамга жакшы белгилүү. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Улуттар уюмунун ВИЧ СПИД боюнча агенттигинин отчетунда айтылгандарга караганда, былтыр Чыгыш Европа менен Борбор Азияда 20 миңдей адам ВИЧти жуктуруп алган. Дагы 14 миңдей киши СПИДден көз жумган.

СПИД, адатта, кумсалар арасында көп кездешет деп айтылат. Анткени бул оорунун биринчи курмандыктары кумсалар болушкан эле. Бирок бүгүн СПИДдин жайылышынын жолдору көбөйүп кетти. Андыктан бул дартка чалдыккандардын дээрлик жарымысы - аялдар.

Вадим Покровский - Орусияда СПИДдин алдын алуу боюнча федералдык борбордук жетекчиси.

- СПИДдин жайылышынын жолдору ар кайсыл мамлекеттерде ар башка. Мисалы, АКШда жана Батыш Европанын көп мамлекеттеринде ооруга чалдыккандардын көбү - кумсалар. Ал эми Орусияда болсо, тетирисинче, кумсалар арасында ВИЧке чалдыккандар эң аз деп эсептелинет. Орусияда, Испанияда жана Украинада ВИЧке чалдыккандардын негизги бөлүгүн наркомандар түзүшөт.
СПИДДен коргонуунун жолдорунун бири - дарыланганда шприцтин бир ийнесин экинчи жолу колдонбош керек

СПИДден кантип коргонсо болот?

Албетте, жыныстык катнашта сөзсүз презерватив колдонуш керек, туш келди адам менен эле жыныстык катнашка бара бербеш керек, жана дарыланганда шприцтин бир ийнесин экинчи жолу колдонбош керек. Бирок СПИДдин алдын алуу жаатында иштеген адамдардын айтымында, көбүнчө адамдар бул жөнөкөй эле эрежелерди билишсе да, аларга көп маани бере беришпейт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG