Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

“Бир дүйнө” уюму Саламаттыкты сактоо министрлигин сотко берет


“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюму Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин үстүнөн сотко кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун төрайымы Төлөйкан Исмаилова кабарлады. Маалыматка караганда, уюм аталган мамлекеттик органдар жарандардын эркиндигин жана маалымат алуу укугун чектеди деп эсептейт. Буга байланыштуу Бишкектин Биринчи Май жана Ленин райондорунун сотуна кайрылууга арыз даярдалууда.

Буга чейин Саламаттыктык сактоо министрлигинин статс-катчысы дарыгерлерге маалымат каражаттарына комментарий берүүгө жана жумуш учурунда социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган буйрукка кол койгону айтылган эле.

16-январда Медициналык академиянын аспиранты Таттыгүл Дооталиеванын учак кырсыгынан набыт кеткендерди шылдыңдап, Фейсбукка жазган билдирүүсү коомчулуктун кыжырын кайнатып, чоң талкуу жараткан. Көп өтпөй анын үстүнөн аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган. (BkA)

XS
SM
MD
LG